Карызы барлар, карагыла. Кыргызстанда мыйзамдар жумшара баштады

1-январдан тарта Админстративдик жоопкерчилик боюнча кодекстин ордуна Эреже бузуулар боюнча мыйзам пайдаланыла баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Эреже бузуулар боюнча жаңы кодексте салык төлөөчүлөргө бир кыйла жеңилдик берилгендигин Салык боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Ведомство 1-январдан тарта Административдик жоопкерчилик боюнча кодекс күчүн жоготкондугун айтты.

"Азыркы кодекстин негизги принциптеринин бири — тартип бузгандык үчүн жасала турган гуманизм принциби. Жаңы кодексте өндүрүп алуунүн негизги түрлөрү 14төн экиге чейин кыскарган. Аны менен кошо эскертүү жана айып салуу", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, протоколдорду кароо жана каттоо процедуралары жөнөкөйлөтүлгөндүгү белгиленген. Салык кызматынын өкүлү эгерде салык төлөөчү мыйзам бузуу фактысына макул эместигин билдирбесе, ал өзү төлөмдү кабыл ала алат.

"Эреже бузуулар жөнүндө кодексинде протоколдорду тариздөө жана карап чыгуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн. Алсак, эгерде салык төлөөчү жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны талашып-тартышпаган учурда, салык органынын кызмат адамы ага карата бузуулар орун алган жерде өз алдынча жаза колдоно алат", — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы буга чейин жеке ишкерлер бизнес жаатында мыйзам бузууларга жооп берсе, юридикалык жак катары жоопко тартыларын эскертти. Ал эми жаңы кодексте жеке ишкер жеке тарап катары каралары айтылган.

Укуев: камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу Салык кызматына өттү
Дагы өзгөчөлүк — салык кызматына карыз адамдардын айыпты канча карыз болгонуна карабай бирдей төлөөрү айтылган.

Кодекске ылайык, соттордо кароо жол-жобосу да жөнөкөйлөтүлгөн. Алсак, Эреже бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.