Бишкекте поезд өспүрүм кызды коюп кетти

Тез жардам кызматына саат 14.09да чакыруу түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте Лев Толстой көчөсү менен 7-Апрель проспектисинин кесилишинде поезд кызды коюп кетти. Бул тууралуу Тез жардам кызматынан маалымдашты.

Дарыгерлердин айтымында, окуя 14.00дөр чамасында болгон. Жабырлануучу 15 жашка чейинки өспүрүм. Ал тирүү, башка маалыматтар азырынча белгисиз.