Бишкекте көркөмдүү байбиче — үлгүлүү чоң энени тандашты. Сүрөт

Сынакта кыргызстандык чоң эне эми дүйнөлүк масштабга чыгып, "Ааламдын чоң энеси - 2019" сынагына катыша турган болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кечээ борбор калаада "Жылдын чоң энеси" деп аталган улуттук сынак өткөндүгүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысына иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын ар кыл облустарынан 21 байбиче келген.

"Алардын эң жашы 40та, ал эми улуусу 80 жашта экен", —деп Намазбекова айтып берди.

Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу. Фрунзе чүрөгү кантип тандалган?

Сынактын аягында калыстар тобу жылдын мыкты чоң энеси деп Гүлнура Мамбетакунованы аныктаган. Биринчи вице-мисс Раиса Усенакунова, экинчи орунга Паризат Айтманбетова чыккан.

Алгачкы эки жеңүүчүгө диплом жана атайын белек — Дубайга жолдомо тапшырылды. Калгандары Ысык-Көлгө барып эс алып келе турган болушту.

Ушул эле конкурста сулуулардын эл аралык — "Ааламдын чоң энеси - 2019" сынагынын катышуучусу тандалып, дүйнөлүк масштабдагы таймашка Кыял Рысбаева аттана турган болду.