Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, балерина Асымкүл Баетова дүйнө салды

Артистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-февраль күнү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өмүрүн балет өнөрүнө арнаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Асымкүл Баетова 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Асымкүл Баетова 1942-жылы 26-августта Фрунзе шаарында туулган. Агриппина Ваганова атындагы Ленинград мамлекеттик академиялык хореографиялык училищени аяктаган. 1959-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин катарын толуктап турган. Замандаштары Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилова, Сайнат Жакобаевалар менен биргеликте классикалык хореографияны калың элге кеңири жайылткандардын бири.

"Лебединое озеро", "Спящая красавица", "Жизель", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лауренсия", "Франческа да Римини", "Бахчисарайский фонтан", "Шопениана", "Дон Кихот", "Спартак", "Баядерка", ал эми улуттук спектаклдерден "Анар", "Куйручук", "Асел" жана башка бир топ чыгармаларда роль жараткан. Кыргыз опера жана балет театрында 1982-жылга чейин иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Баетованын тажыясы эртең, 12-февралда, Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында өтөт.