Апта ирмеми: карнавалдагы селкилерден тарта Кытайдагы жаңы жылга чейин

Sputnik

Испаниянын Севилье шаарында Flamenco – Simof 2019 XXV эл аралык мода көргөзмөсү өттү.

Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирлиги) Рим папасы Франциск менен аль-Азхар университетинин башчысы шейх Ахмад ат-Тейиб терроризмге каршы күрөшүү жана диний чыдамкайлыкты чыңдоо боюнча документке кол койду.

Карга оронгон аяздуу Бишкек. Февралдагы 12 сүрөт
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

Кытай Ай санагы боюнча кирип келген Жаңы жылды тосту.

Москвада "АгроФарм-2019" эл аралык көргөзмөсү өттү.

Бомба коюлду деген маалыматтан улам Эл аралык "Манас" аэропортунан жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылды.

Стамбулда 8 кабаттуу турак үй урап, 21 кишинин өмүрүн алды. 14 киши урандылардын алдынан куткарылды.

Индияда индустардын Кумбха Мела аттуу диний майрамы белгиленди.

Пакистанда аскер-деңиз флотунун машыгуулары өттү.

Лос-Анджелес шаарында "Грэмми" сыйлыгын ыйгаруунун 61-салтанаты болду.

1 / 16
Целль-ам-Зе (Австрия) шаарынын үстүндө каалгыган шар
2 / 16
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери — Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров (Оңдон солду карай)
3 / 16
Москвада өткөн эл аралык "Агрофарм" көргөзмөсүнөн бир ирмем
4 / 16
Эже-сиңди Кортни менен Ким Кардашьян Нью-Йоркто өткөн AmfAR Gala кечесинде
5 / 16
Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бомба коюлду деген маалымат түшкөндөн кийин "Манас" эл аралык аэропортунун чет-жакасын курчоого алды
6 / 16
Сириянын Алеппо провинциясындагы лагерде тамак тараткан кызматкер
7 / 16
Пекинде Ай санагы боюнча Жаңы жылды тосушту
8 / 16
Севилья шаарында испаниялык дизайнер Хосе Гальван Simof 2019 коллекциясын көрсөтүп жаткан модель
9 / 16
Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирлиги) Рим папасы Франциск менен аль-Азхар университетинин башчысы шейх Ахмад ат-Тейиб терроризмге каршы күрөшүү жана диний чыдамкайлыкты чыңдоо боюнча документке кол койду
10 / 16
Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу турак үй урап, 21 кишинин өмүрүн алды. 14 киши урандылардын алдынан куткарылды.
11 / 16
Индияда индустардын Кумбха Мела аттуу диний майрамы белгиленди
12 / 16
Уругвайдын Llamadas карнавалынын катышуучусу
13 / 16
Пакистандын аскер-деңиз флотунун аскерлери машыгуунун ачылышында
14 / 16
Слима (Мальта) шаарындагы эл аралык аэропорттон учуп чыккан учак
15 / 16
Сириянын аскерлери менен кошуундун мүчөлөрү россиялык аскер инструкторлорунун даярдоосу учурунда
16 / 16
Америкалык ырчы Cardi Лос-Анджелес шаарында өткөн "Грэмми" сыйлыгын ыйгаруунун 61-салтанатында ырдады