Кооптуу делген смартфондор аталды

Антирейтингди түзүүдө компания Германиядагы Радиациялык коргоо боюнча ведомствонун маалыматтарын пайдаланган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Эксперттер зыяндуу нурду эң көп бөлүп чыгарат деген телефон аппараттарын санап берди. Бул туурасында РИА Новости Statista компаниясынын маалыматтарына таянып жазды.

Изилдөө боюнча маалымат уюмдун Twitter тармагындагы баракчасына жарыяланган.

Дарыгер смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтты
Антирейтингдин биринчи сабына 2017-жылдагы модели менен Xiaomi Mi A1 чыккан, анын бөлүп чыккан нуру бир килограммга 1,75 ватт деп жазылып турат. Экинчи орунга OnePlus 5T (бир килограммга 1,68 ватт), үчүнчү орунда кайрадан эле тааныш марканын башка модели — Xiaomi Mi Max 3 (бир килограммга 1,58 ватт) аппараты турат.

Биринчи бештикке OnePlus 6T жана HTC U12 Life кирген.

Антирейтингди түзүүдө компания Германиядагы Радиациялык коргоо боюнча ведомствонун маалыматтарын пайдаланган. Анткен менен немецтерде нурлануунун деңгээли бир килограммга 0,6 ватты түзөт. Сайтта жарыяланган смартфондордун баары белгиленген көрсөткүчтөн ашып кеткен.