Рафаэль Физиевдин UFC уюмунан келген чакырууга болгон реакциясы. Видео

Спортчунун UFC турниринин алкагындагы алгачкы беттеши Санкт-Петербург шаарында 20-апрелде өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин UFC уюмунан келген чакырууга болгон реакциясынын видеосу чыкты.

Видеону Azat Sharshen Uulu аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчунун UFC турниринин алкагындагы алгачкы беттеши Санкт-Петербург шаарында 20-апрелде өтөт.

Азырынча анын атаандашы ким болору тактала элек.

ЖМК: Антонина Шевченко америкалык мушкер менен беттешмей болду

Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түзгөн үчүнчү (Валентина жана Антонина Шевченколор) кыргызстандык. Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттешүүсү менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын бут соккусунан "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын мыкты ирмемдерин видео кылып чыгарган.

Кыргызстандык мушкер UFC уюмунун былтыр жайында Лас-Вегаста өткөн турниринде эле өнөрүн көрсөтүшү керек болчу. Бирок ага АКШнын визасы берилбей калган.