Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты

Бүгүн, 10-февраль, белгилүү калемгер Улан Токомбаевдин туулган күнү. Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 78 жашка толмок. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik

"Балканын" уулу. Улан Токомбаев 1941-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири катары саналган жазуучу Аалы Токомбаевдин уулу. Улан мектепти аяктаган соң "Кыргызавтомаш" заводунда иштеп, 1959-жылы приборлорду куруу заводунда эмгектенген.

Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты

Жазуучу, акын... Атасынын жолун улаган Улан өзүнүн алгачкы чыгармаларын жыйырма жашынан баштап жарыялай баштайт. "Эң бактылуу адам" аталышындагы биринчи аңгеме, повесттер жыйнагы 1977-жылы жарык көрүп, окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. Ал негизинен орус тилинде жазып, кийин да бир топ чыгармалары чыккан. Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн Токомбаев "Литературный Кыргызстан" журналында жооптуу катчы, кабарчы болуп да иштеп калган.

Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты

"Кыргызтелефильмдин" негиздөөчүсү. Калемгерликтен сырткары, телеге ылайыкталган тасмаларды тартуу менен алектенген. Жаш талант 1967-жылы Москвадагы мамлекеттик кинематография институтунун сценарий бөлүмүн аяктап, Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор болгон. "Кыргызтелефильм" студиясында башкы редактордун орун басары, башкы редактор, режиссёр, директор болгонго чейин жетишкен. Так ошол студияны ал өзүнүн аракети жана демилгеси менен ачкан. Анткени республикадагы жападан жалгыз канал үчүн атайын тасмаларды тартуу мезгилдин талабы болгон.

Калемгерлердин династиясы. Улан Токомбаев белгилүү акын Светлана Токомбаевага (Суслова) баш кошуп, эки уулду татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Андрей учурда Кыргызстандагы эл аралык маалымат кызматтарынын биринде редактор болуп эмгектенсе, кичүүсү Шербото жазуучу, психотерапевт.

Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты

Өмүрүн телеге арнап... Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер "Коридор", "Моя Азия", "Раненое сердце", "Ата Журт", "Прерванный полет", "Мекен" фильмдерин тартып, бир топ телефильм, киноповесттердин сценарийин жазган. 1990-жылдары көптөгөн теледолбоорлорду ишке ашырган. Токомбаевдин балдары атасы жаны тынбаган, командировкадан колу бошобой чыгармачылык менен гана алпурушкан жан болгонун эскерет. Ал эми кесиптештери аны шайыр, жаратман инсан катары унутпай сөз кылып келишет. Жазуучу оорудан улам 2001-жылы 60 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.