Казакстанда жубайлар эки наристеси менен өз үйүндө газга ууланып каза болду

Бир үй-бүлөнүн каза болгонун 8-февраль күнү кечке жуук кошуналары көрүп, куткаруучуларды чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Казакстандын Түркстан облусунда бир үй-бүлө өз үйүндө газга ууланып набыт болду. Бул туурасында Казакстан ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди

Казакстанда жубайлар эки наристеси менен өз үйүндө газга ууланып каза болду

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү саат 17.02лер чамасында Келес районунун Бескубыр айылында жер тамда жашаган жубайлардын жана алардын эки наристесинин сөөгү табылган. Аларды алгач кошуналары көрүп, куткаруучуларды чакырган.

Астанада өз үйүндө өрттөн көз жумган 5 бир тууган жерге берилди. Видео
Алдын ала маалымат боюнча үй-бүлө мүчөлөрү жаратылыш газына ууланып каза болгон. Жерине барган адистердин айтымында, үйдүн ичинде от жагууга ылайыкташтырылган мешке газ туташтырып койгон. Ал мештин мору да чатырынан өйдө чыгарылбай жарымынан урап калган.

Мерт болгон үй ээси 33, келинчеги 26 жашта, ал эми балдары төрт жана үч жашар экени айтылды.

Мындан улам укук коргоо органдары кыштын күнү жылытуучу каражаттарын колдонууда этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертүүдө.

Белгилей кетсек, 4-январда Астананын Көктал-1 конушунда времянка үй өрттөнүп кетип, бир үй-бүлө беш баласынан ажырап калган. Кырсык учурунда балдардын ата-энеси жумушта болгон.