Маматов Канатбек Мурзаевич — өмүр баяны

Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда туулган. 2001-жылы Индияда Махатма Ганди атындагы илим жана искусство колледжинде "коомдук башкаруу" багыты боюнча магистратурада окуган. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "экономика" адистиги боюнча магистратураны бүткөн.
Sputnik

Эмгек жолу:

"Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) футбол командаларында жана "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" ардагерлер командасында ойногон.

— 1998 — Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы;

— 1999 — аскер кызматын өтөгөн;

— 2003–2005 — ACDI/VOCA жана USAID бирикмелеринде мобилизациялоо боюнча эксперт;

— 2005–2006 — S2 Research and Engineering казак-британ компаниясынын директору;

— 2006 — Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл-кыштактагы калкты колдоо" долбоорунун аймактык директору;

— 2007 — "Жумуш менен кымсыздоо саясатын иштеп чыгууга жардам көрсөтүү" долбоорунун жетекчисинин орун басары;

— 2007–2009 — Жогорку Кеңештин фракция лидеринин жардамчысы;

— 2009-жылдан бери ишкерлик менен алектенет;

— 2014-жылдан ушул күнгө чейин — КРдин Футзал федерациясынын президенти;

— 2016–2019 — КРдин Футбол федерациясынын вице-президенти.

2019-жылдын 9-февралында КРдин Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси чини бар.