Футбол федерациясынын президенти шайланды

Жаңы жетекчи уюмду төрт жыл башкарат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik.Канатбек Маматов Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул туурасында аталган федерациянын расмий сайтында айтылат.

Кыргызстандын мыкты футболчусуна Россиянын клубу кызыгууда
Бүгүн, 9-декабрда, федерациянын кезексиз жыйыны өткөрүлгөн. Алгач делегаттар Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановдун кызматтан кетүүсүн кабыл алып, ордуна жалгыз талапкер Канатбек Маматовду шайлашкан.

Маалыматта ал жетекчи катары төрт жыл иштей ала турганы айтылат. Маматов буга чейин Футбол федерациясынын президентинин орун басары кызматын ээлеген.