Бишкекте Фучик көчөсүн кеңейтүү башталды

Оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен аэропортту көздөй кеткен жолдо жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүн кеңейтүүгө даярдык башталганын мэрия билдирди. 

Бишкекте Фучик көчөсүн кеңейтүү башталды

Маалыматка ылайык, иштер "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жасалат. Оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен аэропортту көздөй кеткен жолдо жүрмөкчү.

Жолду бойлой орнотулган 280 темир тосмо убактылуу алынып, көчө кеңейтилгенден кийин кайра коюлары айтылды. Алар "Тазалык" ишканасынын базасында сакталып турат. Эскерте кетсек, тосмолорго 3,6 миллион сом корогон.