БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы "Арча-Бешик" дене тарбия комплексинде грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөшү боюнча Бишкектин чемпионаты өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.
Ага Бишкек шаарынын спортчуларынан турган командалар катышып, спорттун жогорудагы үч түрү боюнча күч сынашат. Таймашка 1999-2002-жылы туулган кыздар-балдар катыша алат.
Чемпионат борбор калаанын курама командасын тандоо үчүн өткөрүлүүдө. Бишкектин аймагында спорттук күрөштү элге жайылтуу жана спорттук чеберчиликти арттыруу максаты көздөлгөн.
Иш-чараны Бишкектин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы уюштуруп жатканы маалым болду.