Түктүү майда жандыктарга эл таңданып, окумуштуулар жооп таба албай жатат. Видео

Жаңы Зеландиянын Окленд шаарынын жашоочулары башы жана бут жагы жок түктүү белгисиз жаныбарларды таап алып, таңгалып жаткан видео тарады. Калаа тургуну Тим Клерк анын энеси жандыктарды биринчилерден болуп байкагандыгын айткан.
Sputnik

Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Бирөөнүн жаны чыга элек экен. Булардын эмне экендигин билген бирөө-жарым барбы? Никкинин (кыязы, жубайы — ред.) жүрөгү түшүп калды, эми түндө уктабай, жаман түш көрүп чыкса керек", — деп жазган Клерк.

Интернетте бул жандыктар талкуу жаратып, ар кыл пикирлер айтылды. Бир даары генетикалык эксперименттин жыйынтыгы окшойт деген пикирлерин айтышкан.

Өзгөчө чоң экен! Суучулдун жанында каалгыган акуланын видеосу
"Бул жанагы коркунучтуу киного окшош немелер го", — деп таңгалып жазган дагы бирөө.

Видео ЖМКлардын көңүл сыртында калган эмес. Yahoo7 News каналынын кабарчысы Сиднейдеги университет менен Австралиядагы музейге кайрылган. Анткени менен окумуштуулар буга так жооп айта алган эмес. Biosecurity New Zealand деп аталган экологиялык уюмдан бул чоң шайтан көпөлөк же күбөнүн денесинин белинен ылдыйкы бөлүгү болсо керек деп боолголошкон.

Жаңы Зеландиянын Жаратылышты коргоо департаментинин адиси, энтомолог Эрик Эдвардс белгисиз бул жаныбар шылдыр чымындардын личинкалары деп эсептерин айткан.