2018-жылы ымыркайларга көп коюлган ысымдар айтылды. Рейтинг

Өткөн жылы Каттоо кызматы жалпы жонунан 146 900 туулгандыгы тууралуу күбөлүк берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Былтыркы жылы төрөлгөн ымыркайларга көп коюлган ысымдардын тизмесин Каттоо кызматы жарыялады.

Маалыматта 2018-жылы жалпы жонунан 146 900 туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгени айтылат. Мындан тышкары, сүйүнчү пул алууга 108 миң арыз түшкөн.

Уулуңузга ат издеп жаттыңыз беле? "Манастагы" кандардын, чоролордун ысымы
Былтыр уул балдарга Умар (2956), Алинур (2442), Али (1487), Нурислам (1477), Алихан (1406), Амир (1371), Билал (1288), Эмир (971), Ариет (922), Рамазан (882) деген аттар көп ыйгарылган.

Ал эми кыз балдарга Раяна (1903), Амина (1703), Айлин (1637), Арууке (1423), Алия (1407), Фатима (1273), Айбийке (1226), Сумая (1177), Аруузат (1078), Малика (1004) ысымдары берилген.