Улуттук банк январда 18,8 млн. доллар сатты

Январь айында доллардын баасы өскөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк сомду кармап туруу үчүн 18,8 миллион доллар саткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Январь айында Кыргызстандын алтын валюталык резерви 15 миллион долларга жакын өстү. Бул тууралуу Улуттук банк жайгаштырган маалыматта айтылат.

Январь айында Улуттук банк жалпы жонунан 18,8 миллион доллар саткан.

Декабрдын аягында алтын валюталык резерв 2 миллиард 155 миллион 460 миң доллар деп бааланган. Бир айдан кийин 2 миллиард 170 миллион 440 миң долларды түздү.