Стамбулда ураган үйдүн алдында 45 саат жаткан өспүрүм куткарылды

Алдын ала маалыматтар боюнча үйдүн үч кабаты мыйзамсыз негизде курулуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Стамбулда шаршемби күнү, 6-февралда, урап калган сегиз кабаттуу үйдүн алдында 45 саат жаткан 16 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу РИА Новости Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлуга шилтеме берип жазды.

Кечээ болсо уранды алдында 18 саат жаткан беш жаштагы кыз куткарылган болчу.

"Үй урагандан 45 саат өткөндөн кийин куткаруучулар 16 жаштагы баланы алып чыгышты", — деди Сойлу.

Кыргызстандык жаран эмне үчүн Магнитогорскиде кармалганы белгилүү болду

Стамбулдун шаардык администрациясынын маалыматына караганда, Картал районундагы кырсыктын кесепетинен кеминде 12 адам каза таап, 13 киши жаракат алган. Учурда куткаруу иштери уланып, 500дөй адам иштеп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча үйдүн үч кабаты мыйзамсыз негизде курулуп калган.

Имараттын ураган учурун видеодон көрүңүз.