Түгөйсүз эркектердин кандай жыттанаары айтылды

Окумуштуулар жыт организмдеги тестостеронго гана эмес, эркектин жашоо образына да байланыштуу экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар жалгыз бой эркектер түгөйлүүлөргө караганда жагымсызыраак жыттанарын аныкташты. Бул туурасында Daily Mai жазды.

Изилдөө үчүн окумуштуулар 18-35 жаштагы эркектерди чогултуп, алардын катуу тердешин суранган. Андан соң кийип турган футболкаларынын колтук жагын кесип алып, илимий тажрыйбага катышып жаткан аялдарга жыттатышкан. Кыз-келиндерден жыттардын айырмасын айтып берүүнү суранышкан.

Төшөк кумары даба болчу дарттар аталды. Тизме
Анын жыйынтыгында түгөйлүү эркектерге аялдар алты баллдын ичинен 3 упай беришкен. Ал эми жалгыз бой эркектер орточо баа менен алганда көбүрөөк, тагыраагы, 3,5 упайга ээ болгон. Мындан сырткары, айымдар түгөйсүз эркектердин жүзүн үйлөнгөндөргө караганда жагымдуураак, кайраттуураак деп белгилешкен.

Окумуштуулар жыт организмдеги тестостеронго гана эмес, эркектин жашоо образына да байланыштуу экендигин айтышты.

Буга чейин окумуштуулар аялдардын ала жипти аттаар-аттабасын манжасынан билсе болорун айтышкан.