Жакшы кабар! Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз Анарбек уулу абактан чыгат

Былтыр 16-июнда кыргызстандык таксист Москванын чок ортосунда 8 футбол күйөрманын койдуруп кетип, камалган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Москвада кокусунан жолдун четиндеги адамдарды койдуруп алган таксист Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыгат. Бул туурасында "Замандаш" партиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсыкка кириптер болгон мекендештин иши боюнча бүгүн, 8-февралда, сот отуруму болуп чечим чыккан.

"Акыркы ирет өткөн жылдын 11-октябрында Москванын Тверь райондук соту тарабынан Чыңгыз кара жумушка кесилип, маянасынын 15 пайызы кармалып турган. Башкача айтканда, ал абакта кармалып гана тим болбостон, мамлекетке иштеп берүүгө милдеттендирилген. Үч жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылган. Бүгүн ишти Смоленск облустук соту карап, Чыңгызды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга өкүм кылды. Мыйзам боюнча ал дагы 10 күн кармалат да 19-февраль күнү абактан эркиндикке чыгат", — деп айтылат маалыматта.

Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары
Ошондой эле "Замандаш" партиясынын маалымат кызматы Чыңгыз Анарбек уулунун элге айткан кайрылуусун жиберди.

"Мени өзүнүн баласындай көрүп күйүп, жардам бергендерге рахматымды айтам. Кыргыз элиме да ыраазычылыгымды билдирем. Абдан муктаж болуп турганда колдоо көрсөттүңүздөр, абдан ыраазымын", — деген Анарбек уулу.

Эскерте кетсек, былтыр 16-июнда кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда жол четиндеги 8 адамды койдуруп кетип, алар жеңил жаракат алышкан. Жабырлануучулар футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары болгон.

Чуулуу окуяга кириптер болгон Чыңгыз Анарбек уулун таанып-билгендер аны ичинде кири жок, боорукер, ак эмгеги менен иштеген жигит экендигин жана спорт менен машыгып өлкө намысын коргоп жүргөнүн айтышкан.

Дастан Жумабеков Москвада кырсыктаган таксисттин үй-бүлөсүнө акча бөлдү
Кыргызстандыктар жердешинин мындай кырсыкка кириптер болушун кайгыруу менен кабыл алып, ошол эле учурда жапырт колдоо көрсөткөн. Материалдык жактан да жардам берүүнү демилгелешип, акча чогултулган.

Ал тургай бийлик өкүлдөрү да көңүл буруп, премьер-министр жарбылануучуларды Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырган. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып кабар алып келген. Бул окуяны президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.