Мелис Турганбаев ЖАМКты жетектей турган болду

Буга чейин ЖАМКты Таалайбек Жапаров жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев Жаза аткаруу комитетинин жетекчиси болуп дайындалды. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖАМКты Таалайбек Жапаров жетектеп келген. Ал эми Турганбаев ички иштер министринин орун басары, министр болуп иштеген.