Бишкектеги мечиттен уюлдук аппарат уурдоого шектелген улан кармалды. Сүрөт

Соттун чечими менен шектүү №1 СИЗОго киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелип 20 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Бишкектеги мечиттен уюлдук аппарат уурдоого шектелген улан кармалды. Сүрөт

"Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 3-январда жаран кайрылып, 20 миң сомдук телефонун уурдатканын айтып арызданган. Аталган факты Жоруктар жана эреже бузуулар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынып, 200-берене ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Сокулукта майыптардын тигүүчү машиналары менен үтүктөрү уурдалды

Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүү катары Б. уулу А. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал Ленин райондук сотунун чечими менен №1 СИЗОго бир айга камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча шектүү январь айында мечиттен дагы бир уюлдук аппаратты (15 миң сомдук) уурдаган. Факты боюнча арыз келип түшкөн. Укук коргоочулар кармалган улан дагы башка кылмыштарды жасаган деп шекшип жатат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.