Радио

Жумалиев: быйыл Бишкекке 1000 даана ийне жалбырактуу бак отургузулат

"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын өсүмдүктөрдү коргоо секторунун башчысы Жаныбек Жумалиев учурда борбор калаага 600 ийне жалбырактуу бак тигилгендигин айтты.
Sputnik
Жумалиев: быйыл Бишкекке 1000 даана ийне жалбырактуу бак отургузулат

Жалпысынан быйыл Бишкек шаарына 1000 даана ийне жалбырактуу бак отургузулат. Кыш болгондуктан 600үн отургузуп жетиштик. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Spunik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, февраль айында дагы 400 ийне жалбырактуу бак-дарактарынын отургузулушу күтүлүүдө.

"Ийне жалбырактуу бактарды кыш мезгилинде отургузуш керек болгондуктан, быйылкы жылы 1000 даанасын тигүүнү пландаштырган элек. Учурда 600ү отургузулду. Калган 400 даана бак февраль ичи тигилет. Бул бак-дарактар өсүп турган жериндеги топурагы менен кошо отургузулат. Мындай ыкмада жазы жалбырактуу бактарды деле кыш мезгилинде эксе болот. Бирок биз азырынча ийне жалбырактууларды тигүүнү гана иш жүзүнө ашыруудабыз", — деди Жумалиев.

Ал отургузулган ийне жалбырактуу бактардын 97-98 пайызы өсүп кетерин кошумчалады.