Ак илбирс, топ карышкыр... Көлдөгү фотокапканга түшкөн жаныбарлардын видеосу

Интернетте Ысык-Көл облусунда жайгашкан Сарычат — Ээрчат коругундагы фотокапкандардын бирине түшүп калган жаныбарлардын видеосу чыкты.
Sputnik

Тасма "Ак илбирсти коргоо" фондусунун Facebook баракчасына жайгаштырылган.

Кадрдан эки ак илбирсти, бир нече карышкырды жана аркарларды көрүүгө болот.