Кыргызстандын мыкты футболчусуна Россиянын клубу кызыгууда

Футболчуга "Дордой" клубу ийгилик каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстандын эң мыкты футболчусу аталган 25 жаштагы Кайрат Жыргалбек уулу Россиянын "СКА-Хабаровск" клубунун сынынан өтөт. Бул тууралуу "Дордойдун" сайтына жарыяланды.

Футболист сборной КР Кайрат Жыргалбек уулу

Учурда "СКА-Хабаровск" Улуттук лиганын жыйынтыгы боюнча 12-орунда турат.

"Окутуучу машыгуулардын жыйынтыгында Жыргалбек уулунун клубга өткөн-өтпөгөнү анык болот. "Дордой" футбол клубу Кайратка ийгилик каалайт", — деп айтылат маалыматта.

Кайрат Жыргалбек уулу Азия кубогундагы бардык төрт оюнга тең катышкан.