ИИМдеги кадрдык өзгөрүүлөр. Ким кайсы кызматка дайындалды

Жаңы жетекчилерди министрликтин борбордук аппаратына ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары Курсан Асанов тааныштырды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ички иштер органдарында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тагыраагы, ИИМ структурасынын жетекчилери орун алмашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

— ИИМдин Башкы штабынын начальниги болуп Сталбек Күрөңкеев дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын жетекчиси болчу;

— ИИМдин Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын жетекчиси болуп Сталбек Рахманов дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп турган;

— Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын Канат Жумагазиев жетектемей болду. Ал буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектечү.

— Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Ыманалы Саркулов дайындалды;

Жаңы жетекчилерди министрликтин борбордук аппаратына ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары Курсан Асанов тааныштырды.