БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизилип жаткан толуктоодо "Түкүрүк деген сөз калдыбы же алып салындыбы?" деп суроо салды.
Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.
"Жарга такаган жаңы кодекс түкүрүк менен күлкүлүү болду да. Жеңиш Парпиевич, биз мунун категориясын азайттык деп айттыңыз. Курсан Сатарович алып таштоону сунуштадык деп жатат. Кимисине ишенебиз? Кандай кылдыңар?" — деди депутат.
Вице-премьер Жеңиш Разаков сунушталган өзгөртүүдө бузуунун түрү өзгөргөнүн айтты.
Момбеков өкмөт элге "түкүрүктү алып салдык же ага каралган айыптын көлөмүн азайттык" деп ачык айтышы керектигин белгиледи.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эч ким артка кайтпаганын айтып, элдин да үнүн угуу керектигин, бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин аны иштетүү зарылдыгына токтолду.
"Биз карап туруп өзгөртүүгө барып жатабыз. Түкүрүк үчүн айып пулду биринчи категорияга түшүрдүк, ага ылайык бир миң сом айып салынат. Мурда 71-беренеде түкүрүү деп киргизилип, 3-категорияда болгондуктан 5500 сом айып пул болгон. Эмне үчүн главасын өзгөртүп жатабыз, себеби 11-глава "Саламаттык сактоо жана эмгек чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы бузуулар" деп турат. Ушуга төп келет экен", — деди Асанов.
ИИМ жетекчисинин орун басары түкүрүк үчүн айып салуу көптөгөн мамлекеттерде жок экенин айтып, болгону Англия менен Россиянын бир шаарында жана Кытайдын борбору Пекинде бар экенин билдирди.
"Калган мамлекеттерде майда бейбаштыкка кирет экен", — деди ал.
Өз кезегинде Момбеков түкүрүк деген сөздү кодекстен алып салууну сунуштап, бул көптөгөн түшүнбөстүктөрдүн башаты болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы кодекстер ишке кирген. Анын ичинде коомдук жайда түкүргөндөр үчүн 5500 сом айып каралган. Айып пулдун көлөмү эл арасында катуу талкуу жараткан. Өкмөт дагы аны азайтууга макул болгон.