Сагынбаев: кол тийбестиги алынгандан кийин Атамбаевге иш козголушу мүмкүн

Бир катар кылмыштар боюнча экс-президенттин мурунку кызматкерлери айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кол тийбестиги алынгандан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ага иш-чарада "Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?" деген суроо узатылган. Сагынбаевдин айтымында, мурунку аткаминерлер айыпталып жаткан бир топ кылмыш иштери бар, айрымдары сотко өткөн.

"Эгер сот жүрүшүндө түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деди катчы.

Ал бирок мындай жагдай Атамбаев кол тийбестик макамынан ажыратылгандан кийин гана болушу мүмкүн экенин эскертти.