Жанынан кечкенби? Аска боорунан секирип баратып жыгылган лыжачынын видеосу

АКШдагы асканын боорунан секирем деп жыгылган лыжачы аман-эсен калды.
Sputnik

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Мотоцикл айдап бараткан кызды уй секирип келип тоголото тепти. Видео
Окуя Калифорния менен Невада штаттарынын чек арасында болгон. Роликтин автору эс алуучу комплексте жүздөгөн адамдар мыкты делген спортчулардын кезектеги трюгун көрүүгө чогулгандыгын жазган. Тилекке каршы, алардын бардыгы эле элдин таңгалуусун жарата алган эмес.

Алардын бири 15 метрлик бийиктиктен секирем деп карга башы менен сайылып, дагы бир нече ирет ала салып кеткен. Бактыга жараша, аман калганы видеодон көрүнүп турат.

Жыгылды демекчи, буга чейин асканын боорунан эмес, жерден эле кызды көтөрө качкан жигиттин видеосу интернетке тараган. Анда кыз бир топ эле катуу жаракат алып, бети-башы шишип кеткен.