Мас болгон америкалык моряк япониялык тургундун үйүнө кирип алып душка түшкөн

Учурда аскер базасынын расмийлери жергиликтүү полиция менен окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер мас абалында Япония жаранынын үйүнө кирип келип, душка түшкөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Мушкер кызды тономок болгон ууру таяк жеди. Сүрөт

Маалыматка ылайык, кармалган жаран АКШнын Ацуги шаарындагы аскер-деңиз күчтөрүнүн учактарды техникалык жактан камсыздоо бөлүмүндө иштейт.

Үй ээси ваннада агып жаткан суунун үнүнөн ойгонуп, бери басып келгенде бөлмөнүн ортосунда жылаңач бойдон турган кишини көргөн. Ал дароо укук коргоо органдарына маалымат берген.

Учурда аскер базасынын расмийлери жергиликтүү полиция менен окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.