Класстар толтура, имарат аз. Жээнбеков мектеп маселесин кантип чечерин айтты

Президент коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча Чүй облусуна жана Бишкекке мектеп курууга жумшаларын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышуу үчүн №69 жана №12 мектептерге барып, класстарды көрүп, окуучулар менен маектешти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчыга география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары кандай өтөөрүн көрсөтүштү. Окуучулар ооз комузда ойноп, гимнастика, бий сабактары менен тааныштырып, президентке таланттарын көрсөтүштү.

Биринчи орунга 40 миң сом! Студенттер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашат
Шаардын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплектиленген мектептердин абалы боюнча презентация жасады.

Президент айрым мектептерде окуучулардын саны 40 пайызга гана жетип, ал эми башка мектептерде балдардын саны көп болуп, 300 пайызга чейин чыккан маселени карап, чечүү зарылдыгын айтты.

Мектеп директорлору билим уясындагы негизги көйгөйлөр класста балдардын ашыкча болгону жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышты.
Жээнбеков өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөйлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп жатканын белгиледи.

"Бул маселе менин көңүлүмдө. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Мэрия менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча анализ жүргүзүү тапшырмасы берилип, ал жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп салынат", — деди Жээнбеков.

Президент окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат куруларын да айтты.