Абдыкеев: унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууга даярбыз

Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы эртең, 7-февралдан тартып күчүнө кириши керектигин айтты.
Sputnik
Абдыкеев: унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууга даярбыз

Аталган мыйзам 2016-жылдын 7-февралында эле ишке ашып, иштей башташы керек болчу. Бирок жаралган айрым талаш-тартыш маселелерден улам аны аткаруу 2019-жылдын 7-февралына жылдырылган. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда камсыздандыруу мекемелери өкмөттүн мыйзамга тиешелүү токтомун күтүп жатышат.

"Мыйзам эртең, 7-февралда, күчүнө кириши керек. Бирок азыркыга чейин минималдык тарифтер, камсыздандыруунун лимиттери тууралуу өкмөттүн токтому чыга элек. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дагы унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамына өкмөт, камсыздандыруу компаниялары даяр эмес деген таризде мыйзамдын аткарылышын 2021-жылга калтыруу сунушун киргизип жаткандарын угуп жатабыз. Чындыгында камсыздандыруу компаниялары бул мыйзамды аткарууга даяр. Биз 2016-жылы эле аймактарга өз филиалдарыбызды, өкүлчүлүктөрүбүздү ачып, бир топ эле даярдык көргөнбүз", — деди Абдыкеев.

Ошондой эле ал мыйзам күчүнө киргени менен мыйзамды аткарбаган унаа ээлери 2019-жылдын 7-августуна чейин жоопко тартылбай тургандыгын кошумчалады.