Стамбулдагы көп кабаттуу имараттын ураган учуру видеого тартылып калган

Имарат ураганда жанынан өтүп бараткандар дагы жеңил жаракат алышкан
Sputnik

Стамбулдун Картал кварталынын Жевизли районундагы сегиз кабаттуу имараттын урап түшкөн учуру видеого тартылып калганын Haberler порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттагы 14 квартирада 43 киши жашачу. Учурда издөө, куткаруу иштери жүрүп жатат. Имарат ураганда жанынан өтүп бараткандар дагы жеңил жаракат алышкан.

Магнитогорск: уранды алдынан табылган ымыркайдын бутун сактап калышты
Стамбулдун Картал кварталынын башчысы Алтынок Өздүн айтымында, урап түшкөн имарат кулатылышы керек болгон имараттардын тизмесине кирген эмес. Ал ошондой эле аларга жеткен маалымат боюнча имарат жарылуудан улам урап түшкөн. Азыр куткаруучулар жаракат алган бир кишини урандылардын арасынан чыгарышты.

Ал эми Стамбул шаарынын жетекчилиги ураган имараттын үч кабаты өзүм билемдик менен салынганын билдирип, алдын ала маалымат боюнча жер төлөдөгү ательенин тийиштүү уруксат кагаздары болбогонун маалымдады.