Стамбулда сегиз кабат имарат урап түштү. Алдында ондогон кишилер болушу мүмкүн

Имараттын жер төлөсү ателье болчу жана ал жакта 25 киши иштечү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. - Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында сегиз кабаттуу турак үй урап түштү. Бул тууралуу Haberler порталы жазды.

Жевизли районунун башчысы Мемиш Диликлиташтын айтымында, урандынын алдында ондогон кишилер болушу ыктымал.

Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар келишти. Алгачкы маалыматтар боюнча бир киши каза болуп, төрт кишини куткаруу аракеттери көрүлүүдө.

"Имараттын жер төлөсүндө ателье болгондуктан 25 киши иштечү. Ураган көп кабаттуу үйдө 24 батир болгон", - деп Диликлиташ NTV телеканалында маалымдаган.

Ал ошондой эле имарат урар алдында жарылуу болбогонун кошумчалады.