Прокуратура табып Хашым Зайналиевди сотко берди

Хашым Зайналиев тийиштүү органдардан лицензия албагандыктан анын ишмердүүлүгүн текшерип, көзөмөл кылуу мүмкүн эмес болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Прокуратура табып Хашым Зайналиевдин ишине тыюу салууну өтүнүп Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жиберди. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, саламаттык сактоо тармагындагы тийиштүү органдардан Зайналиевге лицензия берилген эмес. Ошондуктан бул органдар анын ишмердүүлүгүн текшерип, көзөмөл кылууга укугу жок болгон.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү" мыйзамдын 5 ("Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоо") жана 15-беренелери ("Элдик медицина менен алектенүү укугу") боюнча медициналык иштер менен алектенген тараптар мамлекеттик органдардан атайын уруксат алышы керек.

Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
"Мындан улам табыпка карата буга чейин козголгон кылмыш ишин эске алып, Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы сотко арыз жөнөттү. Анда Хашым Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу, өз алдынча медициналык иштер менен алектенүүсүнө жана лицензиясы жок дары-дармектерди колдонуусуна тыюу салуу өтүнүчү келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, табып Хашим Зайналиев алдамчылыкка шектелип, өткөн жылдын 22-декабрында кармалып тергөө абагына киргизилген. Бир айдан кийин сот анын эч жакка чыкпоо боюнча тил катынын негизинде кое берген.