Ошто арзан товар алам деп келгендер супермаркеттин эшигин талкалап салды. Видео

Бүгүн эртең менен Оштогу супермаркеттердин биринде товарларга арзандатуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы супермаркеттердин биринде акция жүрүп, ага келген көп сандагы адамдар тартышып-түртүшө кетишти. Мындай видеолор социалдык тармакка жарыяланып жатат.

Бул кадрдан топтолгон кишилер дүкөндүн ичине кирүүгө ашыгып, бири-бири менен түртүшүп жатканын көрүүгө болот. Мунун кесепетинен дүкөндүн айнек эшиктери талкаланган.

Кийинки видео маркеттин ичинен тартылган. Автор баары арзандатылган товар алууга шашып жатканын айтууда. Жаалданган кардарлар товарларды талаша да кетишкен.

Астына ызы-чуудан кимдир бирөө жаракат алышы мүмкүн экенин жана администрация коопсуздукту камсыздай албаганын жазышкан.

Супермаркеттин администрациясы жогорудагы фактыны тастыктап, арзандатуу Ошто 6-февралда эртең менен болгонун билдирди.

"Эч ким жабыркаган жок. Коопсуздук кызматы өз ишин аткарууда. Акция да соңуна чыгайын деп калды", — деп айтышты дүкөндөн.

Мындай окуя биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин Бишкектеги супермаркетте дагы арзандатуу болуп аялдар идиш талашып чырдаша кеткен.