Ноокат: соода күркөсүнө урунган минивэн 13 жаштагы баланы басып калган

Жол кырсыгынан 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 4-февралда саат 18:00дөр чамасында болгон. Hyundai Starex автоунаасынын тормозу кармабай калып, соода күркөсүнө барып урунуп, 13 жаштагы баланы басып калган. Ал кырсык болгон жерден каза болгон. Автоунаанын ичиндеги 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Машинаны 25 жаштагы киши айдап келе жаткан.

Милиция териштирүү иштерин баштап, тийиштүү экспертиза дайындалды.