"Тазалык" Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтып жатат. Сүрөт

5-6-февраль аралыгында жалпы жонунан 403 тонна кум жана 55 тонна техникалык туз себилген. Ишкананын 740 кызматкери таңкы саат 06.00дөн тарта иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолдорду тазалоого 34 атайын техника тартылган. Алардын 21и кар тазалоочу унаа, экөө кум себүүчү машина, экөө таштанды жүктөгүч, төрт универсалдуу машина жана беш трактор. Жолду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

Эки ирет түшкөн кар көчкү Matiz унаасын басып калды. Чоң-Алайдагы окуя
5-6-февраль аралыгында жалпы жонунан 403 тонна кум жана 55 тонна техникалык туз себилген. Ишкананын 740 кызматкери таңкы саат 06.00дөн тарта иштеп жатат.

Ошондой эле жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын 40 кызматкери жана 113 жүк ташыгыч жол чийиндериндеги музду кетирүү үчүн тартылды.

Мэриянын маалымат кызматы эгер тазаланбаган же кум чачылбаган жолдор болсо, WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге кайрылса болорун эскертет.

— Аскар Карынбаев (Ленин району) — 0557 99-79-27;

— Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

— Мавлян Аскарбеков (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

— Рустам Касымбеков (Свердлов району) — 0703 611 806.

Андан сырткары, күнү-түнү иштеген 1850 жана 1840 номерлери аркылуу байланышса болот.