Биринчи орунга 40 миң сом! Студенттер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашат

Мелдешти өткөрүү үчүн мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын бюджетинен 10 миллион 313 миң сом каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында 28-февралдан баштап 22-апрелге чейин "Тамекисиз спорт" урааны алдында Универсиада өтөт. Бул туурасында мелдештин уюштуруучусу — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Ирандагы эл аралык турнирде күрөшө турган 14 балбан аныкталды. Тизме
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 13-мартта борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Универсиаданын максаты — студенттердин күнүмдүк жашоосуна дене тарбияны жана спортту киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн мыкты спортчуларды тандап алуу.

Мелдештер спорттун 18 түрү боюнча үч лигада өтөт. Жеңүүчүлөр Дүйнөлүк универсиада, Азия жана студенттер арасындагы Дүйнө чемпионаттарына катышат. Ошондой эле кубоктор, дипломдор жана акчалай сертификаттар менен сыйланышат

1-орунга — 40 миң сом;

2-орунга — 35 миң сом;

3-орунга — 30 миң сом;

4-орунга — 25 миң сом;

5-орунга — 20 миң сом;

6-орунга — 15 миң сом.

Мындан тышкары, командалык эсепте алдыңкы орунга ээ болгондор жана машыктыруучулар сыйланат.

Мелдешти өткөрүү үчүн мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын бюджетинен 10 миллион 313 миң сом каралган.