Кара-Көлдө 610 литр көк май ташып бараткан DAF оодарылып калды

Укук коргоо органдарынын алдын-ала берген маалыматы боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда DAF үлгүсүндөгү май ташыган унаа оодарылып калганын Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-февраль күнү болжол менен саат 15.00дөрдө болгон.

Трассанын 424-чакырымында (Кара-Көл шаарына жакын) 610 литр көк май ташып бараткан унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, натыйжада машина капталына оодарылып калган. Айдоочу жабыркаган эмес, цистернадагы майдын да төгүлбөгөнү айтылды.