Радио

Дарыгер: электрондук чылым кадимки тамекиден 5 эсе зыян

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму электрондук чылымдын зыяндуулугун анализдеп чыккандыгын айтты.
Sputnik
Дарыгер: электрондук чылым кадимки тамекиден 5 эсе зыян

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында электрондук чылым жөнөкөй тамекиден беш эсе зыяндуу экендиги аныкталган. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомдук жайларда чылым, кальян жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу салуу менен ар кандай оорулардын алдын алууга болот.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында электрондук чылым кадимки эле тамекиден беш эсе зыяндуу болуп чыккан. Жөнөкөй тамекини чегүүдө адам канча даана тамеки чегип жаткандыгын билип, көзөмөлдөй алат. Ал эми электрондук чылымды чегүүдө андай мүмкүнчүлүк жок. Кальян дагы ошондой эле зыяндуу. Кальян түтүкчөсү тазаланбайт. Ал жер бактерия, микроб жана ар кандай жугуштуу оорулардын кооптуу уюгуна айланат. Андыктан коомдук жайларда чылым, кальян жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу салуу туура болот", — деди Ибраева.

Ошондой эле дарыгер бул сыяктуу зыяндуу адаттар өспүрүмдөр арасында кеңири жайылып жаткандыгы кооптуу жагдай экендигин кошумчалады.