Чоң-Алайдагы кар күрткүдөн 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калды

Жолоочулардын 55и — эркек, 15и — аял экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кечээ саат 23.40тар чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болгон. Анын кесепетинен 16 автоунаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калды.

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча карды тазалоого Жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч, бир грейдер тартылган. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы да окуя болгон жерге барганы айтылат.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен саат 00:26да кар күрткү толугу менен тазаланып, жол ачылган. Ал эми 70 жүргүнчү (55 эркек жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан эки мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.