Бишкекте троллейбустар ишин жандантты

Учурда линияда 100дөн ашык троллейбус иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте троллейбустар ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Камералар ушул жети эреже бузууну каттайт. "Коопсуз шаардын" видеосу
Буга чейин Бишкек троллейбус башкармалыгынын подстанциясында авария болуп №11, 14, 2, 9, 7 троллейбустар Манас проспектисинин Бөкөнбаев менен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө, Жибек Жолу проспектиси менен Киев көчөсүндө туруп калган

Эми кыймыл кайра жанданып, линияда жалпы жонунан эки миңден ашык коомдук транспорт иштеп жатат. Анын 88и — автобус, 1806сы — микроавтобус жана 135и — троллейбус.