Бишкекти кайрадан Кайгуул милициясы тескейт. Кызматкерлер тандалып алынат

Тандалган кызматкерлер милдетин ушул жылдын 1-июлунан тарта аткарууга киришет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте пилоттук негизде Милициянын кайгуул кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы буйрукка кол койду. Анын негизинде борбор калаада Кайгуул милициясын түзүү боюнча 2019-2020-жылдарга иш-чаралардын планы бекитилди.

"Чечим укук коргоо тутумун реформалоо алкагында ички иштер органдарынын тышкы кызматтарынын ишин иретке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Ошондой эле жолдордо болуп жаткан укук бузуулар менен кылмыштар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу ниетин көздөйт", — деп жазылат маалыматта.

Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты
Жаңы кызматка талапкерлер сынак аркылуу тандалып, алар милдеттүү кошумча окутуудан өтөт. Тандалган кызматкерлер милдетин ушул жылдын 1-июлунан тарта аткарууга киришет.

Андан сырткары, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жумушка алынгандар жогорулатылган акчалай көмөк алып, бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылат. Ошондой эле антикоррупциялык органдар тарабынан ал кызматкерлердин ишмердиги катуу көзөмөлгө алынат.