Бишкек: авария болуп, троллейбустар убактылуу токтоп калды

Коомдук транспорттун кыймылын жандандыруу үчүн адистер жеринде иштеп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Борбор шаарда учурда №11, 14, 2, 9, 7 каттамы менен жүргөн троллейбустар убактылуу токтоп калды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Учурда троллейбустар Манас проспектисинде Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, андан сырткары, Киев көчөсүндө да, Жибек Жолу проспектисинде да тизилип турат.

"Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын подстанциясында авария болду. Коомдук транспорттун кыймылын жандандыруу үчүн адистер жеринде иштеп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Аталган башкармалык ыңгайсыздык жаратканы үчүн шаардыктардан кечирим сураган.