Карга оронгон аяздуу Бишкек. Февралдагы 12 сүрөт

Sputnik

Кыязы бул - кыштын бизге тартуулаган соңку кооздуктарынын бири. Себеби бир айдан кийин жаз кылтыят. Февралдын таңкы карында көптөр адатынча ишке шашса, дагы бирөөлөр жайбаракат басып, жаратылышка суктанганын көрүүгө болот.

Анткен менен кардын жаашы көңүлдү тынч кылбаган кызматтар бар. Алардын бири — муниципалдык "Тазалык" кызматы. Алар ишке таңдан тарта чыкты.

Кыргызгидромет мындай аба ырайы дагы бир нече күнгө созуларын кабарлады.

1 / 12
6-февралда эртең менен Бишкек өзгөчө карга оронду
2 / 12
Кыргызгидромет Бишкекте түнкү суук –11 градуска жетерин билдирген
3 / 12
Муниципалдык кызмат таң ата электе эле ишке чыкты
4 / 12
Жыл башынан бери борбордо лапылдап кар жаай элек болчу
5 / 12
Аппак карга адам эмес, айбан да чыккысы келет эмеспи
6 / 12
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "ак жоолук" салынганда
7 / 12
Кол чатыр мындай учурда жакшы жардамчы
8 / 12
Чана сүйрөгөн ата менен жылгаяк тепкен бала. Жаңы кар, таза аба - Бишкектеги сейрек көрүнүш.
9 / 12
Анткен менен баары эле романтикалуу болгон жок. Токтоп калып, каз катар тизилген троллейбустар
10 / 12
Аппак кар, аппак кар...
11 / 12
"Эмен багы" жана кардуу февраль
12 / 12
Кыргызгидромет мындай аба ырайы дагы бир нече күнгө созуларын кабарлады