Алмазбек Атамбаевдин талуу жерин графолог айтып берди. Видео

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги графолог (кол жазма аркылуу адамдын мүнөзүн аныктаган адис — ред.) Арсланбек Камчыбековго кыргызстандык таанымал саясатчылардын кол жазмаларын чогултуп берип, айткандарын видеого тартып алды.
Sputnik

Графологго кимдин кол жазмаларын карай турганы алдын ала айтылган эмес. Биринчиси — экс-президент Алмазбек Атамбаев болду.

"Бул адам башкаларга окшобогонго аракет кылат. Элдин арасынан бөлүнүп турууну каалайт. Кенен адам. Ички туюму өнүккөн. Эмоционалдуу, сезимтал. Орой эмес. Анан чыгармачыл киши экен", — деп анализдеди графолог.

Жээнбеков, Абылгазиев, Жумабеков… Бийликтегилердин бой-салмагы канча
Арсланбек Камчыбеков белгилегендей, толук анализ кылуу үчүн жазуулары бар бир нече барак жана кенен убакыт керек. Ал төмөнкү анализди "үстүртөн, жалпы жонунан жасалган" деп мүнөздөдү.

Арсланбек Камчыбеков — графолог, профайлер-верификатор, ИИМ Академиясында жана башка юридикалык окуу жайларда психология сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. Милициянын отставкадагы подполковниги. Калпты аныктоону профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү үчүн, өзүнүн айтымында, Москва шаарындагы Калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган.