Кыргызстандан эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Учурда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, УКМК тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. УКМК интернет аркылуу экстремисттик материалдарды таратып, чет өлкөлүктөрдү КРдин жасалма паспорту менен камсыздап келген С.А. аттуу жаранды кармады. Бул туурасында аталган кызматтын маалымат катчысы билдирди.

"С.А. аттуу жаран камсыздаган жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азиядагы мамлекеттердин биринин жараны Б.Н. да кармалган. Ага террордук мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөө салынган", — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Учурда прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө.