"Ош" аба майданы кайрадан иштеп баштады

Кечке жуук "Ош" эл аралык аэропортунан УКМК бомба издөө иштерин баштаганын УКМКдан кабарлашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik.  "Ош" эл аралык аэропорту ишин өз нугунда улантып баштады. Бул туурасында "Манас" аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Ал маалыматты социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Бүгүн кечке жуук  "Ош" эл аралык аэропортунан УКМК бомба издөө иштерин баштаганын УКМКдан кабарлашкан.

5-февралда Кыргызстанда бомба кабары күчөп, Бишкекке жакын жердеги эл аралык "Манас" аэропортуна, андан сырткары, калаанын эки жерине бомба коюлду деген маалыматтар түшкөн. Бир нече сааттан кийин УКМК ал жерден жарылгыч заттар табылбагандыгын кабарлаган.