Эми "Ош" аэропортунан бомба изделүүдө

Бомба коюлганы тууралуу билдирүү саат 18:46да келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова эми эл аралык "Ош" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, бомба тууралуу билдирүү саат 18:46да келип түшкөн.

Учурда жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылууда.

Ал эми Ош шаардык милициясы жарандардан "аэропортто бомба болушу мүмкүн" деген маалымат келбегенин билдирди.

"Бирок алдын алуу иштерин жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн милиция башка атайын кызматтар менен биргеликте текшерип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги "Манас" аба майданына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, бирок УКМК эч кандай жарылуучу зат тапкан эмес. Саат 17:40тан тарта аэропорт мурдагы калыбында иштей баштаган.