Казакстандын Конституциялык кеңеши Назарбаевдин ыйгарым укуктарын карайт

Конституциялык кеңеш Баш мыйзамдагы өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын токтотуу шарттарына байланыштуу берене боюнча расмий түшүндүрмө бериши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Казакстандын Конституциялык кеңеши президент Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусун карай баштады.

Бул жерде сөз Конституциянын 42-беренесинин 3-пунктун расмий чечмелеп берүү тууралуу болуп жатат.

Жашоодон кыйналып турсаң эмне кылуу керек? Нурсултан Назарбаевден кеңеш
Учурда Конституциялык кеңештин жыйыны үчүн материалдар даярдалып жатат. Ал жерде Назарбаевдин кайрылуусу каралмакчы.

Казакстандын Конституциясынын 42-беренесинде мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазылган.

Ал эми 3-пунктта республика президентинин укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкенден тартып токтотулары жазылган. Андан сырткары, ээлеген кызматынан мурда кетсе, кызматтан баш тартса же каза болсо, ыйгарым укуктары токтотулат.

Ошондой эле кызматтан баш тарткан президенттен башкасынын бардыгына Казакстандын экс-президенти деген наам берилет.

Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укуктары качан аяктайт?

2020-жылдын апрелинде Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укуктары аяктайт. Ал Казакстан көз карандысыздыгын алгандан бери өлкөнү башкарып келет. Конституция боюнча Казакстандын биринчи президенти өлкө башчылыгына бир нече ирет шайланууга укуктуу.